Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

Парламентте Бишкектин райондорун аталышы боюнча маселе көтөрүлдү


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Жакышов 26-февралдагы жыйынында спикердин Бишкектеги төрт райондун аталышын алмаштыруу сунушу жөнүндө кандай иштер аткарылып жатканына кызыкты.

“Курултайда Жогорку Кеңештин спикери Бишкек шаарындагы төрт райондун атын алмаштыруу боюнча сунушун айтты эле. Ошол боюнча кандай иштер жүрүп жатат? Сөз боюнча эле калдыбы?”, - деп суроо салды.

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин директору Элчибек Жантаев учурда ар кандай сунуштар келип жатканын билдирди.

“Бишкек шаары боюнча аткаруу бийлиги менен иштешип жатабыз. Төрт район боюнча сунуштар келип жатат. Жакын арада шаардык кеңеш караса силерге маалымат берилет”, - деди Жантаев.

Спикер Нурланбек Шакиев 25-26-ноябрдагы Элдик курултайдын биринчи күнүндө Бишкектеги төрт райондун аталышын алмаштырууну сунуш кылган. Анын сунушуна Москва реакция жасап, Мамлекеттик Думанын депутаттары Кыргызстанда "орус тилин кодулоо болуп жатат" деген билдирүү менен чыгып, катуу талкууланган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG