Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:24

Мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун бөгөт чарасы каралууда


Жеңиш Разаков.
Жеңиш Разаков.

“Алдамчылыкка” шектелип кармалган мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун бөгөт чарасы Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып жатат. Бул тууралуу райондук соттон кабарлашты.

Жеңиш Разаковдун кармалганы 25-январда белгилүү болгон.

Ички иштер министрлиги бул боюнча расмий маалымат бере элек.

Разаков 2012-2016-жылдары Баткендин губернатору, андан кийин өкмөттө вице-премьер-министр кызматын аркалаган.

2017-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы, 2018-жылы президенттин кеңешчиси, 2018-2020-жылдары вице-премьер-министр болуп иштеген. 2020-жылы февралда үй-бүлөлүк шартка байланыштуу деген жүйө менен кызматтан кеткенин билдирген. (TSh)

XS
SM
MD
LG