Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:25

АКШ Кыргызстан менен Өзбекстандын кызматташтыгын кубаттайт


Америка Кошмо Штаттары Кыргызстан менен Өзбекстандын аймактык стабилдүүлүккө умтулуу аракетин кубаттайт. Бул тууралуу Кыргызстандагы АКШнын элчилиги Твиттердеги баракчасына жазды.

“Америка Кошмо Штаттары Кыргыз Республикасы менен Өзбекстандын аймактык тынчтыкка жана стабилдүүлүккө бирге умтулуусун көрсөткөн ийгиликтүү аракеттерин кубаттайт”, - деп айтылат билдирүүдө.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 26-январда эки күндүк мамлекеттик сапар менен Бишкекке келди. Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушууда кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жараяны аяктап жатканын билдирди. Ал Мирзиёевге кайрылып, эки коңшу мамлекет чек ара маселелеринде диалогго жана чечимдерди кабыл алууга даяр экенин көрсөткөнүн белгиледи.

Кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участоктору жөнүндөгү келишимди жана Кемпир-Абад (Анжиян) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндөгү макулдашууну ратификациялоо тууралуу эки мыйзамга Кыргызстан да, Өзбекстан да кол коюп, ратификациялап бүткөн. Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстан Анжиян суу сактагычы деп атайт.

Кыргызстанда суу сактагычтын жери Өзбекстанга берилишине каршы болгон 30га жакын саясатчы жана активист “жапырт башаламандык уюштурууга даярданган” деген шек менен камакта отурат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG