Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:39

Ош филармониясынын директорлугуна сынак жарыяланды


Ош шаарындагы Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын директорлук кызматына сынак жарыяланганын 2-февралда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматында филармониянын директорлук кызматы азыр бош экени, сынакка катышууну каалагандарга айрым квалификациялык талаптар коюлары айтылды.

Талапкерлер “Маданият жана искусство” багыты боюнча жогорку кесиптик билими, жетекчилик кызматтарда иш стажы эки жылдан кем эмес же гуманитардык, педагогикалык, экономика жана башкаруу багыттары боюнча жогорку кесиптик билими, маданият жана искусство чөйрөсүндө үч жылдан кем эмес иш стажы бар болушу зарыл.

Тийиштүү документтер министрликке 13-февралга чейин тапшырылышы керек. Талаптарга жооп берген катышуучулар аңгемелешүүгө чакырылат.

Филармониянын директору Гүлшайыр Садыбакасова боюнча маселени былтыр 7-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Аида Исатбек кызы көтөрүп, филармониянын имараты тууралуу “Абалы өтө оор. Тешилип калган полдорду, түшүп жаткан дубалдарды 22 жылдан бери оңдолсо болот беле” деген суроо койгон. Ал Садыбакасова “жакшы жыйынтык бербегенин” белгилеп, “жаңы кадрларды карап чыкса болорун” айткан.

Садыбакасова өткөн жумада “Фейсбуктагы” баракчасына пост жазып, аброюна шек келтирүү аракети болгонун айткан жана "Текшеришти, тескешти, бирок, кудайга шүгүр, баары өз ордунда, жай-жайында экендиги такталды” деп билдирген. Ошондой эле ал “Мындан үч жарым ай мурда министрибиз Алтынбек Максутовго ден соолугума байланыштуу жаңы жылдан тартып жумуштан кетеримди айткан элем. Ошол сөзүмө туруп, жумуштан өз каалоом менен кетүү жөнүндө арызымды жазууга аттанып, Бишкекке жөнөдүм” деген.

Ош филармониясын 2000-жылдан бери жетектеп келген Гүлшайыр Садыбакасовага Кыргызстандын Эмгек сиңирген артисти, Эл артисти деген наамдар жана "Даңк" ордени ыйгарылган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG