Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:55

Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда кар жаайт


Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 9-11-февралдагы жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо, Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөк жана Чапчыма ашууларында, Чычкан капчыгайында, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 70-107 чакырымдарында, Красная-Горка-Акташ автоунаа жолунун 0-2 чакырымдарында кар көчкү түшүп, кар күрткүсү пайда болот.

Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

10-февралда көпчүлүк аймактарда кар жаайт, түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүп, жолдор тоңголок, тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8, күндүз -1…-6,

Талас жергесинде түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…-6,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…5,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…5,

Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -3…-8,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -20…-25, күндүз -3…-8 градус болот.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -4…-6°, күндүзгү жогорку температурасы -1…-3° градус болот. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG