Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:49

Доминика аралында ооруканада жаткан кыргыз жаранына жардам көрсөтүлүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кариб деңизиндеги Доминика өлкөсүндө эс-учун жоготкон абалда ооруканада жаткан кыргыз жараны Айдин Айтпаевге консулдук-укуктук жардам берүү аракети көрүлүп жатканын бүгүн 9-февралда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Айтпаев ал жакка Бишкектеги жумушка орнотуу менен алектенген компаниялардын бири аркылуу круиздик лайнерде котормочу болуп иштөө үчүн барган.

Кыргызстандын АКШдагы элчилиги аны жумушка алган фирманын камсыздандыруучу компаниясы менен байланышып, 9-февралда дарыгерлердин коштоосунда санитардык авиация менен коңшу Тринидад жана Тобаго өлкөсүнө жеткирүүнү макулдашты. Ошону менен катар бейтапка жардам берүү үчүн бир тууганы Нурлан Айтпаевди да аталган өлкөгө жөнөтүү пландалып жатканы маалымдалды.

Социалдык түйүндөрдө тарап жаткан кабарларга караганда, Айдин Айтпаев туристтик лайнерде иштөөгө былтыр октябрда кеткен. Жакында туугандарына ал Доминиканын борбору Розо шаарында кома абалда жатканы тууралуу кабар келген.

Жети миллион калкы бар Кыргызстандын 1,5 миллионго чукул жараны бүгүнкү күндө чет мамлекеттерде иштеп жүргөнү расмий маалымдалган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG