Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:24

Польша Беларус менен чек арадагы бир канча өткөрмө бекеттерин жапты


Польша бийлиги Беларус менен чек арадагы бир канча өткөрмө пункттарын, анын ичинде ири Бобровники бекетин жапты. Чечим 10-февралда күчүнө кирет. Бул тууралуу Польшанын ички иштер министри Мариуш Каминский билдирди.

Эки өлкөнүн ортосунда алты өткөрүү пункту бар. Мындан ары экөө гана - бири жүк ташуучу автонунааларга, экинчиси жөө жүргүнчүлөргө ачык болот.

"Азаттык" радиосунун беларус кызматы Варшаванын чечими Беларуста поляк тектүү журналист Анджей Почзобутка сот өкүм чыккан күндүн эртеси кабыл алынганын жазды. Гродно шаарынын соту Почзобутту макалалары менен кастыкты козутту жана баш аламандыкты тутандырды деп сегиз жылга камаган.

8-февралда Польшанын Тышкы иштер министрлиги Беларустун өлкөдөгү убактылуу ишенимдүү өкүлүн Почобутка чыккан өкүмгө байланыштуу чакырган. Варшава бул процессти саясий куугунтук деп, кастыктын далили катары баалаган.

Беларустан бул жаатта азырынча расмий билдирүү жок.

XS
SM
MD
LG