Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:58

Орус элчилигинин алдындагы акциясы үчүн кармалган адамдын иши сотко жөнөтүлдү


Орусия элчилигинин алды. 2023-жылдын 9-февралы.
Орусия элчилигинин алды. 2023-жылдын 9-февралы.

Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдынан милиция кармап кеткен адам боюнча “Укук бузуулар жөнүндө” кодекстин “Майда бейбаштык” беренесинин негизинде териштирүү башталганын 10-февралда “Азаттык” радиосуна Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, 62 жаштагы адам ким экени аныкталды, ал тергөө кызматына жеткирилип, териштирүүдөн кийин кое берилди. Чогултулган материалдар Биринчи Май райондук сотуна чечим чыгаруу үчүн жөнөтүлдү.

Окуя 9-февралда болгон. Дөңгөлөктүн тышын элчиликтин кире беришинде өрттөөгө аракет кылган адамды милиция кармап кеткен. Ал “Мен Владимир Владимирович Путинге жети жолу жаздым, жооп берген жок. Видео кайрылуу да жөнөттүм, жооп болгон жок” деп гана айтууга үлгүргөн. Элчилик бул тууралуу комментарий бере элек.

Орусия былтыр Украинага кол салгандан кийин элчиликтин алдында бир нече жолу орус бийлигине каршы жана аны колдогон акциялар өткөн. Кийин жергиликтүү бийлик ал жерде акция уюштурууга тыюу салып койгон. Бишкектин мындан башка бир нече жеринде да митинг-пикет уюштурууга тыюу салынган чечимдин мөөнөтү 31-мартка чейин узартылган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG