Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:22

Түркиядагы кыргызстандыктар зилзалада жабыр тарткандарга гумжардам жөнөттү


Гумжардам жөнөтүү учуру. Стамбул, Түркия.
Гумжардам жөнөтүү учуру. Стамбул, Түркия.

Түркиядагы мекендештер жер титирөөдөн жабыркаган аймактага гуманитардык жардам жөнөткөнүн Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу билдирди.

"Кыргызстан Достук жана Маданият" коому Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу менен биргеликте жер титирөөдөн жабыркагандарга гуманитардык жардам: жылуу кийим, азык-түлүк, күнүмдүк колдонуучу буюмдарды Стамбул шаардык мэриясынын социалдык кызматтар башкармалыгынын гуманитардык жардам чогултуу пунктуна тапшырганын билдиребиз", - деп жазылган консулдуктун Фейсбук баракчасында.

Анталияда жашап, иштеген кыргызстандык активисттерден Рысгүл Кадырова зилзала катталган аймактарга жылуу кийим, дары-дармек, азык-түлүк жана акчалай жардам жөнөтүлгөнүн билдирди.

Ван облусундагы Улуу-Памир айылында байыр алган этникалык кыргыздардын өкүлү Памир Ватан түрк бийлиги ачкан атайын эсепке 100 миң лира которгонун "Азаттыкка" кабарлады.

Буга чейин Тышкы иштер министрлиги Анкара жана Стамбул шаарларында гуманитардык жардам чогултуу пункттары иштеп жатканын билдирген.

Түркия менен Сирия чектешкен аймакта 6-февралда жер эки жолу катуу силкинип, күчү 7,5-7,8 баллга жеткен. Соңку маалыматка караганда, Түркияда мерт болгондор 20 миңден ашты.

XS
SM
MD
LG