Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:36

Түркияда 121 миңден ашуун куткаруучу издөө ишине тартылды


Зилзала болгон жерде
Зилзала болгон жерде

Түркиянын түштүгүндө 121 миңден ашуун куткаруучу издөө иштерине тартылды.

Түркия менен Сириянын аймагында күчү 7,8 баллга жеткен жер титирөө болгон 6-февралдан бери 1509 жер титирөө катталган.

Түркияда апта башындагы катуу жер титирөөдөн набыт болгондордун саны 18 миң 342 кишиге, жараат алгандар 74 миң 242ге жеткенин өлкөнүн Табигый кырсыктар жана өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы 10-февралда билдирди. Зилзаладан жабыркаган 75 миң 780 адам эвакуацияланды. Он миңдеген киши жараат алды.

Сирияда өкмөт менен куткаруу кызматынын маалыматы боюнча козголоңчулар көзөмөлдөгөн өлкөнүн түндүк-батышында 3300дөн ашуун киши набыт болду.

Түркияга куткаруучулар тобун Кыргызстан да жөнөтүп, алар жер титирөөнүн очогу болгон Кахраманмараш шаарына бөлүнгөн.

Жогорку Кеңештеги президенттин жана өкмөттүн өкүлү Алмасбек Абытов 9-февралдагы парламент жыйынында жер титирөө болгон аймакка ушул жемшембиде дагы 100 куткаруучу жөнөтүлөрүн билдирди.

10-февралда Түркиянын Газиантеп шаарынан 22 кыргызстандык Бишкекке эвакуацияланды. Буга чейин 8-февралда Астана аэропорту аркылуу Кыргызстандын 17 жараны мекенине чыгарылган.

XS
SM
MD
LG