Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:49

Түркия: кыргыз куткаруучулар уранды алдынан 38 жаштагы келинди алып чыкты


Кыргызстандык куткаруучулар Түркияда. Сүрөт ӨКМдан алынды.
Кыргызстандык куткаруучулар Түркияда. Сүрөт ӨКМдан алынды.

13-февралда кыргызстандык куткаруучулар зилзаланын очогу болгон Түркиянын Кахраманмараш шаарынан 38 жаштагы келинди уранды алдынан аман-эсен алып чыгышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Телеграм каналына жарыялады. Маалыматка караганда, Хадиче Ахар “Хайрылло махелеси” аймагындагы ураган имараттын астынан табылган.

Ушуну менен кыргыз куткаруучулары бешинчи кишини тирүү таап чыгышты. 100дөн ашуун жарандын сөөгүн казып чыгышты.


Маалыматка ылайык, 12-февралда саат 22:00 чамасында урандылардын арасында тирүү калган адам бар экени аныкталып, алты жарым сааттай тынымсыз казуу иштеринин кийин орто жаштагы эркек киши аман-эсен куткарылган.

Андан мурун 7 жаштагы бала уранды алдынан аман табылган. Кыргызстандык адистер жер титирөөнүн алтынчы күнүндө 22 жаштагы кош бойлуу келинди, 16 жаштагы өспүрүмдү уранды алдынан алып чыккан эле.

Түркиянын зилзала болгон аймактарындагы куткаруу иштерине Кыргызстандан 200гө жакын куткаруучу жана алты дарыгер барды. 67 куткаруучу кыйроонун эртеси күнү эле жөнөп кеткен.

6-февралда Түркия жана Сириянын аймагында болгон 7,8 баллга жеткен зилзалада 33 миңден ашык адам набыт болуп, он миңдеген киши жараат алды. Миңдеген имарат кыйрап, он миңдеген үй-бүлө башкалкасыз калды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG