Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:08

Перизат Суранова Чүй облустук ооруканасына жаткырылды


Перизат Суранова Биринчи май райондук сотунда. Бишкек. 27-декабрь, 2023-жыл.
Перизат Суранова Биринчи май райондук сотунда. Бишкек. 27-декабрь, 2023-жыл.

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, Бишкектеги тергөө абагында жаткан жарандык активист Перизат Суранова саламаттыгы начарлаганына байланыштуу бүгүн, 14-февралда ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова "Азаттыкка" билдирди. Суранованын абалы канааттандырарлык деп сыпатталып жатканын кошумчалады.

"Перизат Суранова Чүй облустук ооруканасына бүгүн жеткирилди. Учурда операция жасоо пландалып жатат".

Суранова ден соолугу кескин начарлап кеткенин, медициналык анализдери операция керек экенин көрсөткөнүн, бирок ага тийиштүү ооруканага жатуу мүмкүнчүлүгү берилбей жатканын айтып даттанганын Кыйноолорго каршы улуттук борбору 7-февралда маалымдаган эле.

Перизат Суранова Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалып отургандардын бири. Ал ноябрда ачкачылык жарыялап, ден соолугуна байланыштуу кийинчерээк токтоткон. Кемпир-Абад ишине байланыштуу 30га жакын киши “Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык” көргөн деп шек саналып жатат. Алардын айрымдары үй камагына чыккан, азыр 20дан ашык адам абакта кармалууда. Анын бешөө аялдар. Шаардык сот аларды февралдын экинчи жарымына чейин камакта калтырган.

ИИМ аларга "Массалык башаламандыкка даярдык көрүү" деген негизде иш козголгонун, алардын кармалышы мыйзамдуу деп табылганын билдирген.

Ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, муну "саясий куугунтук" деп сыпаттап келишет. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG