Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:13

Ооган согушунда курман болгон кыргызстандык жоокерлер эскерилүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда бүгүн 15-февралда ооган согушунун курмандыктарын эскерүү иш-чаралары өтүп жатат. Советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылган күнүнө карата кайрылуусунда президент Садыр Жапаров он жылга чукул созулган согушта миңдеген кыргызстандык да болгонун, алар "аскердик антка бекем туруп, эбегейсиз эрдик, эстен чыккыс баатырдык көрсөтүшкөнүн" белгиледи.

Ооганстанга "интернационалдык кызматын өтөөгө" советтик аскер катарында 7 миң кыргызстандык жоокер жөнөтүлгөн. Анын 252си курман болуп, 1500ү жараат алган. Төртөөнүн али күнчө дайыны жок.

1979-1989-жылдардагы ооган согушуна советтик армиянын 620 миң аскери катышкан.(RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG