Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:42

Астана: Жер берүүгө каршы чыккандарды чагылдырган журналист коркутууга кабылды


Астана шаары
Астана шаары

Казакстандык журналист Серик Жолдошбайга "Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкеримин" деген бирөө чалып, "менин компанияма дагы тийишсең, жердин алдынан болсо да сууруп чыгам" деп коркуткан. Коопсуздугунан чочулаган журналист полицияга арыз жазды. Астананын полициясы анын арызын кабыл алып, жообун жазуу жүзүндө билдиребиз деп узатты.

Серик Жолдошбай өткөн аптада Өлеңти айылынын тургундары орусиялык компанияга жер берүүгө каршы чыгып жатканын видеого тарткан.

Казакстанда журналисттер басым-кысымга кабылган фактылар көп катталат. Редакцияларга кол салуу, автомашинелерин өрттөө, сайттарын талкалоо, жаныбардын башы салынган кутулар келген учурлар болгон. Адатта мындай иштер иликтенбей калат. Коңшу өлкө дүйнөдөгү сөз эркиндигинин индексинде 122-орунда туруп, кырдаал татаал деп сыпатталат.

XS
SM
MD
LG