Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:56

Назарбаевдин үй-бүлөсүн кол тийбестиктен ажыратуу мыйзамына кол коюлду


Нурсултан Назарбаев.
Нурсултан Назарбаев.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 15-февралда "Биринчи президент - Элбасы жөнүндөгү" мыйзамды жокко чыгаруу жана анын жакын туугандарын куугунтуктан коргоо иммунитетинен ажыраткан мыйзам долбооруна кол койду.

Мыйзам экс-президент Нурсултан Назарбаевдин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн коопсуздугун мамлекет эсебинен өмүр бою каржылык колдоону жокко чыгарат.

Өлкөнү дээрлик 30 жыл башкарган 82 жаштагы экс-президент элге кайрылуу, мамлекеттик органдарга, чиновниктерге сунуш берүү укугунан ажыратылган.

Мажилис депутаттары өткөн айда конституциялык мыйзамды жоюуну бир добуштан колдоп, экс-президент Нурсултан Назарбаевге жана анын үй-бүлөсүнө көптөгөн артыкчылыктарды берген конституциялык мыйзамды жокко чыгарган. Ага чейин Конституциялык сот "Тунгуч президент жөнүндө" мыйзамды 2022-жылдын июнь айындагы жалпы улуттук референдумдун жыйынтыгына карап жокко чыгарган.

Казакстанда 2022-жылдын июнь айындагы Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдумда ондон ашык оңдоп-түзөтүүлөр кирген. Андан тышкары, Баш мыйзамдан биринчи президент тууралуу бардык жобо алынган. Назарбаев “Ардактуу сенатор” наамынан да кол жууган. Бул мыйзам 2020-жылы кабыл алынып, бир нече жолу оңдоп-түзөлгөн.

Казакстанда экс-президенттин кол тийбестиги Конституцияда жана "Президент жөнүндө" мыйзамда жазылган. Бул мыйзамдын 36-беренесинде "мурдагы мамлекет башчы мамлекетке чыккынчылык кылган учурларды кошпогондо, президенттин ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга байланыштуу аракеттери үчүн жоопкерчиликке тартылбайт" деп жазылган.

Казакстанда 30 жылдай бийликте турган Нурсултан Назарбаевдин жакындары жана санаалаштары өлкөдөгү эң таасирдүү фигураларга айланган. Агасы, кыздары жана күйөө балдары курулуш, соода, транспорт жана банк тармагында эбегейсиз бизнеске ээ болуп, байыган. Алардын байлыгынын булактары ачык айтылбайт. Батышта Назарбаевдердин кыймылсыз мүлкүн "күмөндүү каражаттарга" сатылып алынган деген жүйө менен камакка алууга аракет кылган учурлар болгон.

Токаевдин оппоненттери анын демилгелери жылдап гүлдөгөн коррупциядан, автократиялык системаны арылууга багытталбаганын сындап келишет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG