Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:06

Депутат чек арада курулуп жаткан үйлөрдүн аянты чакан болуп калганын сындады


Баткендеги жаңы үйлөр.
Баткендеги жаңы үйлөр.

Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Ажибаев Баткенде жерди трансформациялоо маселесине токтолуп, чек арада аянты чакан үйлөр курулуп жатканына нааразылыгын билдирди. Архитектура, курулуш жана турак жай - коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Мырзабек Жыпаркулов бир үйдүн чарчы метри 103 чарчы метрди түзө турганын айтты.

"103 чарчы метрге 16 адам батабы, жашай алабы? Жер трансформация болбогондуктан ушуга келдик", - деди Ажибаев.

Эл өкүлү чек ара аймактарында элди кармап калуу үчүн жерди трансформациялоо маселесин тез арада чечүү керектигин кошумчалады. Ал жерге 17 миң киши кезекте турганын айтты.

"Кысылып, кыйналып жашаса дагы биринчи бир үйдү куруп бүтүрөлү дегенбиз", - деди Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров.

Бүгүн, 16-февралда Жогорку Кеңеште өкмөттүк саат өтүп жатат. Ага Акылбек Жапаров баштаган өкмөт өкүлдөрү катышууда.

2022-жылы 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта Кыргызстан тарап 8 млрд. сомдон ашуун зыян тартканы маалымдалган. Баткен облусу боюнча жалпысынан 426 үй жашоого жараксыз абалга келген. Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Достук жана Капчыгай айылдары дээрлик толугу менен өрттөлүп, тонолгон. Турак жайларды калыбына келтирүү үчүн өкмөт 1 млрд. 300 миллион сомдон ашык каражат бөлүп, октябрда иш башталган.

Кан төгүү менен коштолгон соңку жаңжалды Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Дүйшөмбү кайра Бишкекти күнөөлөгөн.

Кыргызстан кандуу кагылышта 60тан ашуун жаранынан айрылган. 200дөн ашуун адам жарадар болгон. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны набыт болгонун расмий билдирген. "Озоди" чек арада каза тапкан делген 80 ашуун кишинин тизмесин жарыялаган. Эки тарапта тең каза болгондор арасында балдар бар.

Баткендеги куралдуу кагылышта талкаланаган үйлөрдү калыбына келтирүү уланууда. 2-февралда дагы 35 үй ээсине тапшырылганын президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Дайырбек Орунбеков Фейсбуктагы баракчасына жазган. Ал бир апта ичинде дагы 15 үй даяр болорун билдирген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG