Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:21

"Азаттыктын" министрликтин чечимине каршы доо арызы каралууда


"Азаттыктын" соту. 17-февраль. 2023
"Азаттыктын" соту. 17-февраль. 2023

Бүгүн, 17-февралда Бишкектин административдик соту "Азаттык Медианын” Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин сайтты бөгөттөгөн чечимин мыйзамсыз деп табуу арызын карап жатат.

Сотко “Азаттыктын” Бишкектеги бюросунун директорунун милдетин аткаруучу Бакыт Асанов, адвокат Акмат Алагушев жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин кызматкерлери катышууда.

Министрликтин өкүлдөрү соттук жараянды фото-видеого тартууга тыюу салуу өтүнүчүн берди. Адвокат Акмат Алагушев ага каршы болуп, соттук отурумду фото-видеого тартууга уруксат берүүнү суранды.

Судья Акылбек Досалиев тараптардын жүйөлөрүн угуп, соттук отурумду башында 10 мүнөт гана тартууга уруксат берди.

26-январдагы соттук отурумда судья министрликтин өкүлүн "Азаттык Медианын" сайтын жабуу боюнча чечимдин көчүрмөсүн эмес, түп нускасын алып келүүгө милдеттендирген.

26-октябрда Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө чечимин чыгарган. Буга “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы - “Настоящее время” телеканалынын сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы окуялар тууралуу видео материалы негиз болгону маалымдалган.

"Азаттык Медиа" бул материалдарда журналисттик стандарттар сакталганын жана мыйзамга каршы аракет жок экендигин белгилөөдө.

Ал арада министрлик “Азаттык Медианын” ЖМК катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна кайрылганы 23-январда белгилүү болгон. Арыз 20-февралда каралат.

Министрликтин кадамын бир катар коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап чыгышты. (КЕ/BTo)

XS
SM
MD
LG