Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:13

Ашууларда кар көчкүнү атып түшүрүү уланууда


Ош-Бишкек жолундагы кар көчкү. Сүрөт ӨКМден алынды. 18-февраль, 2023-жыл.
Ош-Бишкек жолундагы кар көчкү. Сүрөт ӨКМден алынды. 18-февраль, 2023-жыл.

Чүйдүн Жайыл районундагы Бишкек-Ош автоунаа жолунда кар көчкүнү атып түшүрүү иштери бүгүн, 20-февралда дагы уланат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди. Министрлик жолго чектөө киргизилери тууралуу кабарлаган жок.

Буга чейин Бишкек-Ош автоунаа жолундагы 197-чакырымында кар көчкүнү атып түшүрүү иштерине байланыштуу убактылуу чектөө киргизилген. Жол саат 19:00дө ачылган.

Транспорт жана коммуникация министрилиги 19-февралда саат 18.30га алынган ыкчам маалымат боюнча Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолундагы Кара-Үңкүр участкасында 10 миң куб кар көчкүсү атып түшүрүлүп, тазалоо иштери жүргүзүлгөн. Министрлик жол каттамы убактылуу ачылып, 20-февралда кар көчкүнүнү атып түшүрүү иштерине байланыштуу кайра жабыларын кабарлады.

Кыргызгидромет борбору 16-19-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо кар көчкү түшүү ыктымалдыгын кабарлаган. Өткөн аптада тоолуу аймактарда калың кар түштү. ӨКМ кооптуу аймакта жашаган жарандарга эскертүү берүүдө. (TSh)

XS
SM
MD
LG