Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:13

Аскар Акаев азыркы жана мурдагы президенттердин жолугушуусу тууралуу билдирүү жасады


Кыргызстандын азыркы жана мурдагы президенттери. Аскар Акаев , Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева , Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков жана Садыр Жапаров.
Кыргызстандын азыркы жана мурдагы президенттери. Аскар Акаев , Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева , Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков жана Садыр Жапаров.

Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевдин өлкөнүн мурдагы жана азыркы президенттеринин жолугушуусу жөнүндө орус тилинде жазылган каты жарыяланды. Кат Акаевге таандык экенин жакындары ырастады.

Анда Аскар Акаев жолугушууну тарыхый окуя катары сыпаттап, мамлекеттүүлүктү бекемдей турган аракет экенин жазган.

“Албетте, мамлекеттүүлүктү бекемдөө, элдин биримдиги жана ырааттуулук – өлкө президентинин конституциялык негизги жана түз милдети. Ал бул милдетин иш жүзүндө толук кандуу аткара баштаганы кубандырат. Жеке мен Кыргызстандын келечеги жана кыргыз коомун бекемдөө жана туруктуулук үчүн бул демилгени колдоп, кесиптештеримди дагы макул болууга чакырдым”, - деп жазган.

Аскар Акаев “Садыр Жапаров саясий даанышмандык жана адамдык айкөлдүктү көрсөттү” деп жазган. Жапаровдун ишмердүүлүгүнө оң баа берип, жетишкендик катары кыргыз-өзбек чек арасынын такталышы, Кумтөрдүн мамлекетке алынышы сыяктуу иштерди атаган.

Буга чейин Алмазбек Атамбаев өлкөнүн мурдагы жана азыркы президенттеринин жолугушуусу болгонун ырастап, билдирүү тараткан. Атамбаев мурдагы президенттер чогулганы тууралуу алдын ала кабары болбогонун, аны "президент Жапаров жана Камчыбек Ташиев (УКМК төрагасы) менен жолугушуу болот" деп чакырышканын билдирген.

Атамбаев “Өлкөдө тынчтык жана биримдик орнотуу менен Бакиевди Кыргызстанга кайтаруу - эки башка нерсе. Бул экөөнү бириктирүү таптакыр башка жыйынтык берет. Көп кан төгүлгөн, аны унутуу мүмкүн эмес. Президент Садыр Жапаров мени укту жана туура чечим чыгарат деп үмүттөнөм", - деп жазган.

18-февралда президент Садыр Жапаров мурдагы президенттердин башын бириктирип, бир столго отургузганын жарыялаган. Бул иш эл-жердин ынтымагы үчүн жасалганын жана демилгени өлкөнүн мурдагы башчылары да колдогонун белгилеген.

"Менин да көздөгөн максатым ушул эле. Ой-кыялым - ошол ар бир президенттин аркасында турган тарапташтары, жалпы жети дубан калкыбыз, бир багытка баш коюп, саясатты таштап, бир дем менен улуттун өнүгүүсү, экономикасы деп ой жүгүртүү эле", - деген Жапаров.

Ушундан кийин президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев жолугушууга Кыргызстан эгемен алгандан кийин өлкө башына келген жетекчилердин баары катышканын жазган.

Кыргызстан эгемендик алгандан бери өлкөнү алтынчы президент башкарып жатат. Азыркы мамлекет башчы Садыр Жапаровдон мурда Кыргызстанды Аскар Акаев (1991 - 2005), Курманбек Бакиев (2005- 2010), Роза Отунбаева (2010 - 2011), Алмазбек Атамбаев (2011 - 2017), Сооронбай Жээнбеков (2017-2020) жетектеген.

"Азаттыктын" ишенимдүү булактары жолугушуу Дубайда өткөнүн билдиришти. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG