Жалал-Абад облусунунун беш тургуну “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун идеологиясынан баш тартканын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы 20-февралда маалымдады.
Атайын кызмат алар буга чейин экстремисттик идеологияны активдүү жайылтып келишкенин билдирди.
“Өздөрү тандап алган диний багытынын туура эместигин моюнга алышып, жарандарды “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого чакырып, Кыргызстандын аймагында аталган уюмдун ишмердүүлүгүнө жол берилбестигин билдиришти”, - деп айтылат маалыматта.
Кыргызстан жыйырмага жакын уюмду деструктивдүү, экстремисттик жана террористтик уюм деп таанып, алардын ишмердигине тыюу салган.
Алардын катарында «Хизбут-Тахрир» да бар. Бул уюм соттун чечими менен диний-экстремисттик уюм катары 2003-жылы таанылган жана анын өлкө аймагында иш жүргүзүшүнө тыюу салынган. (TSh)