Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:35

Санарип өнүктүрүү министрлиги чалууларга байланыштуу Xiaomi Redmi компаниясына кайрылды


Xiaomi компаниясынын телефону.
Xiaomi компаниясынын телефону.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору Xiaomi Redmi үлгүсүндөгү уюлдук телефонунан 101, 102, 103 кызматтарына түз чыгууга мүмкүн болбой, чалуулар мекеменин 112 кызматына түшүп жатканын кабарлады.

ӨКМ буга Xiaomi Redmi системасынын акыркы жаңылоосунда жогоркудагы номурларга түз чалуу багыттамасы жаңыланган эмес деп түшүндүрдү. Маселени чечүү үчүн Кыргызстандын Санарип өнүктүрүү министрлиги Кытайдын Xiaomi Redmi компаниясына расмий кат жолдоду.

ӨКМ 101, 102, 103 жана башка кызматтарга башка телефондон чалууну сунуштайт.

Кыргызстандын расмий органдары мындай маселе Казакстанда дагы жаралганын билдирүүдө.

Кытайлык компания кандайдыр бир комментарий бере элек. (TSh)

XS
SM
MD
LG