Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:46

Мамлекеттик мүлк фонду 20дай мүлктү менчиктештирүүнү сунуштады


Мирлан Бакиров
Мирлан Бакиров

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети 20-февралдагы отурумунда “Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруунун маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда карады. Баяндамачы катары Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакиров сөз сүйлөдү.

Депутат Элвира Сурабалдиева ага суроо берип жатып, мунун алкагында канча мүлк менчикке сатыларын тактап, аны стенограмма үчүн айтып коюшун талап кылды.

Бакиров жалпы жонунан он чакты объект менчикке берилерин, алар же түз сатыларын же акционердик ишкана түзүлүп, ошого өткөрүлүп берилерин айтты.

“Менчиктештирүү дегенде, биринчи кезекте мамлекеттик ишкананы акционердик коомго айлантуу. Мында “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы акционердик коом болуп өзгөртүлөт. Акциялар жана активдер боюнча айтып кете турган болсом, “Альфа-Телеком” жабык акционердик коомунун акциялары, “Кыргыз инвестициялык кредит банкындагы” 10% мамлекеттик үлүш, “Бакай Банктагы” 1% мамлекеттик үлүш, анан “Бешинчи канал”, “Кепилдик фонду”, “Керемет Банктагы” 0,74% мамлекеттик үлүш, “Сарамжал Транс” жоопкерчилиги чектелген коомдогу 100% үлүш, “Кыргызское” акционердик коомундагы 0,3% үлүш, “Каприз” жоопкерчилиги чектелген коомунун 27,34% үлүшү, “СК Ресурс” ишканасынын 70% үлүшү сатылат”, – деди Бакиров.

Фонддун башчысы мындан сырткары Жалал-Абад шаарындагы коммерциялык имарат, Кара-Балта шаарындагы килем комбинатынын имараты, Бишкектеги “Айыл банк” жайгашкан имарат мүлк иретинде сатыларын тактады. “Ак-Кеме” мейманканасы “Туризмди өнүктүрүү фонду” акционердик коомунун балансына өткөрүлүп берилерин, “Манас” эл аралык аэропортундагы “Манас-2” имараты аба майданды башкарган акционердик коомдун балансына берилерин билдирди.

Президент Садыр Жапаров 2021-жылы 5-майдагы кайрылуусунда мамлекетке караштуу мүлктүн көпчүлүгүн сатууну сунуштаган. Калганы тийиштүү министрликтерге, комитеттерге жана башка органдарга өткөрүлмөй болгон. Андан бери канча мамлекеттик мүлк менчикке берилгени жана канча имарат кайсы органдарга өткөрүлүп берилгени тууралуу толук отчёт бериле элек. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG