Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:06

"Досье" сириялык жаранды кыйнап өлтүргөн "вагнерчилерди" аныктады


Сирияга жалданган "вагнерчилер" экени айтылган сүрөт. Илююстрация үчүн колдонулду.
Сирияга жалданган "вагнерчилер" экени айтылган сүрөт. Илююстрация үчүн колдонулду.

"Досье" иликтөө борбору 2017-жылы Сириянын жаранын кыйноого жана өлтүрүүгө катышкан орусиялык "Вагнер" жеке аскердик уюмунун 10 жоочусун аныктады.

"Вагнердин" ачыкка чыккан ички документтеринин негизиндеги маалыматты "Досье" борбору Европанын Die Welt, Paris Match жана Arte басылмалары менен бирге жарыялады.

Интернетте 2017-жылдын 30-июнунда сириялык Мохаммед Таха Исмаил ал-Абдулланын кыйноо тартып, мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү тартылган видео тараган. Сирия армиясына мобилизацияланган ал-Абдулла аскерден качканда "вагнерчилердин" колуна түшкөн. Ал жырткычтык менен өлтүрүлгөн жана анын көзүн тазалагандар сөөктүн жанында сүрөткө түшүшкөн.

2019-жылы "Новая газета" бул окуя тууралуу жазып, анын катышуучуларынын бири - Орусиянын Ички иштер министрлигинин мурдагы кызматкери Станислав Дычко экенин аныкташкан. "Досье" борбору дагы тогуз кишинин тек-жайын тактады.

"Вагнердин" негиздөөчүсү Евгений Пригожин буга комментарий бере элек.

“Вагнер” - аскердик мекемелердин жана юридикалык жактардын реестрине катталбаган орусиялык уюм. Анын жалданма аскерлери Украинада, Сирияда жана Африка өлкөлөрүндөгү коогаларга катышып жүргөнү тууралуу маалыматтар байма-бай чыгып келет.

Эксперттер Орусиянын бийлиги Украинадагы согушта "Вагнерчилерге" таянып калганын белгилешет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG