Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:41

Компьютерлер долбоор менен берилгенин айткан билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызматтан кетти


Тынычбек Үсөнөв.
Тынычбек Үсөнөв.

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы мектептердин бирине Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин компьютер алып бергенин төгүндөгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынычбек Үсенов кызматтан кетти.

Билим берүү министрлиги Үсөнов өз арызы менен 17-февралда иштен кеткенин билдирди. Мекеме мектепке компьютерлерди Камчыбек Ташиев алып бергенин маалымдады.

4-февралда социалдык тармактарда Сузактын “Ынтымак” мектебине атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев 10 компьютер алып бергени тууралуу видео тараган.

16-февралда “Т-Медиа” басылмасы “Сузактагы мектептердин бирине компьютерлерди ким берген?” деген видео жарыялаган.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынычбек Үсөнөв компьютерлер “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен алынганын билдирген. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG