Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:19

Өзбекстан менен Египет 1,6 млрд долларлык 20 келишимге кол койду


Шавкат Мирзиеев Египетте. 20-февраль 2023-жыл
Шавкат Мирзиеев Египетте. 20-февраль 2023-жыл

Өзбек президенти Шавкат Мирзиеевдин Египеттеги сапарынын жыйынтыгында ал өлкөнүн компаниялары менен 1,6 миллиард долларга тете 20 макулдашууну ишке ашыруу келишимине жетишилди. Бул тууралуу өзбек мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Мирзиеев Каирге 20-февралда эки күндүк сапар менен барган. Расмий маалыматка караганда, 20 чакты алдыңкы компаниянын жетекчилиги менен жолугушууга Египеттин эл аралык кызматташтык министри Рания ал-Машат, Соода палаталарынын Федерация төрагасы Ибрагим Махмуд ал-Араби катышты.

Мирзиеев түндүк Африкадагы ал өлкөнүн компанияларын Өзбекстандын энергетикалык, электротехникалык, химиялык, тоо-кен, текстиль, айыл чарба жана фармацевтикалык тармактарына инвестиция салууга чакырды.

21-февралга Мирзиеевдин Египеттин президенти Абделфаттах ал-Сиси менен сүйлөшүүлөрү пландалган.

XS
SM
MD
LG