Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:38

УКМК Сузакта диний билим берүүчү борбор жабылганын билдирди


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Жалал-Абаддын Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл аймагындагы Мундуз айылында "Чолпонай" деп аталган диний билим берүү борбору жабылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук кызматы (УКМК) маалымдады.

Атайын кызмат диний окуу борборун текшерүү учурунда 2022-жылы “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзамын бузуу менен негизделгенин аныктаган. Диний борбор жабылып, “Укук бузуулар” беренесинин негизинде 5500 сом айып салынды. УКМК айып кимге салынганын маалымдаган жок.

УКМКнын маалыматында диний борбордо үч киши сабак берген. Ал жерде отузга жакын жергиликтүү тургундар диний билим алышкан. Бирок сабак бергендердин жогорку диний билими болгон эмес.

Кыргызстанда 2,6 миңдей мечит, 100дөй медресе, 10 ислам институту бар. Жалпысынан өлкөдө 3 миңден ашуун диний уюм каттоодон өткөн.

Сот 2003-жылдан бери 21 диний бирикменин ишмердигине террорчу жана экстремисттик уюм катары Кыргызстандын аймагында тыюу салган. (TSh)

XS
SM
MD
LG