Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Активист Капалова балдарынын күбөлүгү боюнча Конституциялык сотко кайрылды


Алтын Капалова.
Алтын Капалова.

Активист Алтын Капалова балдарынын күбөлүгүндөгү "атасынын аты" деген графа боюнча Конституциялык сотко кайрылды. Бул тууралуу Конституциялык соттун сайтында жазылды.

Анда активисттин кызыкчылыгын коргогон Элвира Тилек кызы менен Айнура Осмоналиеванын “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” мыйзамынын 30-беренесинин (“Атын өзгөртүү”) 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы Конституцияга шайкеш келерин текшерүү жөнүндө арызы өндүрүшкө кабыл алынганы жазылган.

Арыз ээлери тиешелүү мыйзамда эненин укугу атаныкынан төмөн болуп калганын, ал бирдей болушу керек деп негиздеп жатышат. Алар бул ченемди Конституцияга каршы келет деп таанууну суранышты.

“Жарандык абалдын актылары жөнүндө” мыйзамынын 30-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацында “атасынын атын өзгөртүү атасынын, асыроочунун, өгөй атасынын же чоң атасынын жана таятасынын аттары менен жүзөгө ашырылат” деп көрсөтүлгөн.

Балдарынын күбөлүгүндөгү "атасынын аты" деген графага өз ысымын жаздырган Алтын Капалованын иши Жогорку сотто 2022-жылы 28-апрелде каралып, буга чейинки инстанциялардын документтерди жокко чыгаруу чечими күчүндө калтырган.

Алтын Капалова үч баласына туулгандыгы тууралуу күбөлүк алып жатып, атасынын ордуна өзүнүн атын жаздырган.

2021-жылы Мамлекеттик каттоо кызматы анын балдарына документ берген кызматкер кемчилик кетиргенин жана жоопкерчиликке тартыларын билдирген. Мекеме документтерди жокко чыгаруу үчүн сотко кайрылып, утуп алган. 2020-жылы ноябрь айында күчүнө кирген жаңы мыйзам боюнча балага энесинин атынан документ берилбейт деп билдирген.

Кыргызстанда буга чейин балага мындай жол менен документ алган учур катталган эмес. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG