Кыргызстанда жер тилкесинин категориясын атайылап өзгөрткөн кызматкерлердин жаза чарасын катуулатуу сунушталууда. Жогорку Кеңештин 22-февралдагы отурумунда “Кылмыш-жаза кодексин” жана “Укук бузуулар жөнүндө кодексти” өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоору талкууланып, биринчи окууда кабыл алынды.
Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков эгер мыйзам колдоо таап, кабыл алынса, курулуш баштоо үчүн сугат жерлерди жараксыз деген бүтүм чыгарып бергендер эркинен ажыратылат:
“Ошондуктан “Жерлерди айыл чарба өндүрүшүнөн пайдалануу үчүн атайылап жараксыз абалга келтирүү” деген берене киргизип жатабыз. Ошол эле жосун, “айыл чарбалык жүгүртүүдөгү сугат жерлерди чыгарууга алып келсе” деп, анын жаза чарасы 7-10 жылга чейин деп каралууда”.
Кыргызстанда 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин айрыкча Бишкектин четиндеги көп жер тилкелерин басып алышып, кийин сатып жиберишкен. Учурда аларга салынып калган үйлөрдү мыйзамдаштыруу жараяны жүрүп жатат. Бийлик бул жараян бир гана жолку болорун, андан кийин жер басып алгандар жоопко тартыларын убада кылган.
Жердин макамын өзгөртүп, айыл чарбасы үчүн жараксыз деген категорияга өткөргөндөрдү жазалоо тууралуу мыйзам долбоорун президенттик администрация иштеп чыгып, парламенттин кароосуна сунуш кылды.
Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 2022-жылы Кыргызстанда жер басып алуу боюнча 168 факт катталды. Ал эми депутат Алишер Козуев 30 жылда 110 миң киши жер басып алганын айтууда. (RK)