Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:14

Талибдер Пакистан менен чек арадагы негизги бекетин кайра ачты


Торхам өткөөлү. Ооганстан-Пакистан чек арасы. 20-февраль, 2023-жыл
Торхам өткөөлү. Ооганстан-Пакистан чек арасы. 20-февраль, 2023-жыл

Талибдер 23-февралда Пакистан менен чек арадагы Торхам өткөөлүн ачты. Төрт күн бою жабык турган бекетте жүк ташыган миңдеген машине топтолуп калган. «Машаал» радиосу маалымдагандай, өткөөл Пакистандын коргоо министри Хаважа Мухаммад Асиф Кабулга барып кеткендин эртеси ачылды.

«Талибан» бийлигинин расмий адамдары жана Ооганстандын Исламабаддагы элчилиги чек аранын сөз болгон тилкесинде жол кыймылы калыбына келгенин бышыкташты.

Маалыматка караганда, "Талибандын" бийлиги Торхам пунктун жекшембиде жаап койгон. Буга эмне себеп болгону белгисиз. Кыймылдын жергиликтүү расмий адамдарынын бири Пакистан транзит унаага, жүргүнчүлөргө, дарыланууга бараткан кишилерди өткөрүүгө уруксат бербей койгонун Reuters агенттигине айтып берген. Исламабад өкмөтү маселе тууралуу расмий комментарий бербестен аларга өткөөлдү жабуу тууралуу алдын ала айтылбаганын билдирген.

Узундугу 2 миң 600 чакырымды түзгөн чек ара тилкесинин айланасындагы талаш ондогон жылдан бери уланып келет.

Торхам аркылуу өткөн айрым жүк Борбор Азияга да багытталат.

XS
SM
MD
LG