Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:31

Вена: ЕККУнун жыйынында орус делегациясынын катышуусу нааразылык жаратты


Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун жыйыны өткөн жай. Вена, 23-февраль 2023-жыл
Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун жыйыны өткөн жай. Вена, 23-февраль 2023-жыл

23-февралда Венада башталган Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Парламенттик ассамблеясынын жыйынынын күн тартибинде Орусиянын Украинага ачкан согушу үстөмдүк кылууда.

Латвия парламентинин Эл аралык мамилелер комитетинин төрагасы Рихардс Колс конференцияга Орусиянын делегациясынын - "эгемен өлкөнүн аннексиясын колдоп добуш берген депутаттардын" катышып жатканына нааразылыгын билдирип, украин чек арачыларынын орус кемесине айтылган лакапка айланган сөздөрүн кайталады. Орус делегациясынын өкүлү сөз сүйлөгөндө бир катар өлкөнүн делегациялары залдан чыгып кетти.

Австрия бийлиги санкцияларга киргизилген орус депутаттарына, арасында Федералдык кеңештин төрага орун басары, пропагандачы журналист Петр Толстойго виза бергени үчүн чоң кысымга туш болгон. Украина жана Литва орус делегациясынын катышуусунан улам бул жыйынды бойкоттоду.

Вена иш чарага катышкан бардык делегаттарга виза берүүгө милдеттүү экенин айтып актанган. Былтыр орусиялык делегация ЕККУнун Польша жана Британиядагы жыйындарына катыштырылган эмес.

57 мамлекет кирген ЕККУнун сөз болгон жыйынына Кыргызстандын делегациясы да катышууда.

XS
SM
MD
LG