Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:32

Ажылык сапарды уюштуруу жана өлкөдөгү ысырапкорчулукту жоюу маселелери талкууланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ажылык сапарды уюштуруу жана өлкөдөгү ысырапкорчулукту азайтуу маселеси президент Садыр Жапаровдун Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Тойгонбай Абдыкаров жана өлкөнүн муфтийи Замир Ракиев менен жолугушуусунда талкууланганын 27-февралда мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, муфтий быйыл Сауд Арабиясы Меккеге ажылык сапарга Кыргызстан үчүн 6110 орун бөлүп бергенин, акчаны колдонууда жемкорлукка жол бербеш үчүн мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган атайын республикалык штаб иштеп жатканын айтып берди.

Мамлекеттик комиссиянын жетекчиси аткарылып жаткан иштер жана пландар тууралуу маалымат берди.

Президент Садыр Жапаров ажылык сапарды уюштурууда коррупция болбошун талап кылып, буга чейин андай окуялар катталганын, зыяратка бараткандар төлөгөн акчасы эмнеге кетип жатканын билүүгө укуктуу экенин айтты.

Мамлекет башчысы дин жаатында саясат “Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын 2021-2026-жылдарга концепциясына” ылайык жүргүзүлүшү керектигин белгилеп, той-аш өткөрүүдө ысырапкорчулукка жол бербөө максатында иштелип чыккан “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү чаралары жөнүндө” жарлыкты элге түшүндүрүү боюнча активдүү ишти улантууну тапшырды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG