Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:47

Бишкек мэри курулуш эрежелери сакталбаган үйлөрдү текшерүү зарылдыгын билдирди


Бишкек шаары. 25-сентябрь, 2022-жыл.
Бишкек шаары. 25-сентябрь, 2022-жыл.

Бүгүн, 1-мартта "Кабар" агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров баш калаадагы курулуш эрежелерин бузган же сактабаган көп кабаттуу үйлөрдү текшерүү зарылдыгын айтты.

"Мен куруучу катары айтып койоюн, бардык нормаларды сактап, анан салынган үйлөр 8-9 баллдык жер титирөөгө туруштук бере алат. Бирок кээ бир курулуш компаниялары бар, адис эмес, лицензиясы болсо да өнүдүрүштүк, каржылык базасы жок. Элдин акчасын чогултуп алып анан курулуш каражаттарынан, арматурадан үнөмдөп салган үйлөр 8-9 баллга чыдабайт. Андай үйлөр да бар, алардын баарын текшерип, ордуна келтириш керек", - деди Абдыкадыров.

Буга чейин президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы көп кабаттуу үйлөрдүн сапатына байланыштуу маалымат берип, бул тармакка көзөмөл акыркы эки жылда гана күчөтүлгөнүн айткан.

"Айрыкча акыркы 10 жылда салынган көп кабаттуу үйлөрдүн кандай салынганын бир Кудай өзү билет. Эгер кулап калса, анда жашаган адамдардын убал-сообу ошол үйлөрдү салган адамдардын, буга чейинки Мамкурулушка тиешелүү архитекторлордун абийиринде калат. 2020-жылдан бери көп кабаттуу үйлөрдү куруу боюнча иштерди иретке салып келе жатабыз. Көзөмөлдү күчөттүк. Кечээ жакында Мамлекеттик курулуш мекемесин реформа кылдык. Мындан ары “бир терезе” болот. Архитектураны Бишкек шаарынын мэриясынын карамагына берип, Бишкектин ичиндеги курулуштарды ирээтке келтиргиле дедик", - деген.

16-февралда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров курулуштардын баарын текшерип чыгуу тапшырмасы берилгенин билдирген.

Адистердин айтымында, Кыргызстанда жердин кыртышына жараша сейсмикалык эсептин эң жогорку чеги деп 9 балл деп аныкталган.

Бишкек шаарынын түштүк тарабынан жана Ош шаарынын борборунан жер алдында жарака өтөрүн илипоздор айтып келишет. Алар белгилеген жерде ушул тапта көп кабаттуу үйлөр курулууда.

Көп кабаттуу үйлөрдүн коопсуздугуна байланыштуу маселе Түркияда менен Сириядагы февралдын башында он миңдеген өмүрдү алып кеткен зилзаладан кийин көтөрүлүп жатат. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG