Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:57

Алгачкы Сот адилеттиги үйү Караколдо ачылды


Каракол. Сот адилеттиги үйү.
Каракол. Сот адилеттиги үйү.

Кыргызстандагы алгачкы Сот адилеттиги үйү Караколдо ачылды. Мекеменин ачылыш аземине бүгүн 1-мартта президент Садыр Жапаров катышты.

Мамлекет башчысы бүгүнкү күндө сот адилеттигин камсыз кылууда ачык-айкындуулук эң маанилүү иштердин бири экенин, ошондуктан имараттын сот залдары санарип техника менен жабдылганын айтты.

Буга чейин чек арачы аскерлер үчүн казарма катары пайдаланылып келген беш кабат имаратта оңдоп-түзөө иштери 2021-жылы башталган. Эми анда Ысык-Көл облустук соту, Каракол шаардык соту жана Ысык-Көл административдик соту жайгашат.

Кыргызстанда эки Сот адилеттиги үйү ачылганы жатканын 2-февралда Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков билдирген.

Бир катар соттордун бир жерде жайгашуусу менен курьердик иштерге байланыштуу убакыт менен каражат чыгымдары кыйла үнөмдөлүп, “бирдиктүү терезе” принциби аркылуу ыңгайлуу шарт түзүлөрү айтылууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG