Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:08

Мектеп директорлорунун жана орун басарларынын айлыгы 50% жогорулайт


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Кыргызстанда мектеп директорлорунун жана алардын орун басарларынын айлыгын көбөйтүү пландалууда. Бул тууралуу 1-мартта Жогорку Кеңеште билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиев билдирди.

Иманалиевдин айтымында, алардын айлыгы 50% жогорулайт. Бул үчүн өкмөттө 481 миллион сом акча каражаты каралып жатат.

Былтыр апрель айында Кыргызстанда мугалимдин, дарыгердин жана маданият кызматкеринин айлык акысы көбөйгөн. Мугалим мурдагыга караганда эки эсе көп акча ала баштаган.

Директорлор менен алардын орун басарларынын айлык маянасы былтыр сентябрда көбөйтүлөрү айтылган.

24-февралда министрликти беш ай жетектеп келген Уланбек Мамбетакунов президенттин жарлыгы менен бул кызматтан бошотулуп, министрдин милдетин аткаруучу болуп Каныбек Иманалиев дайындалган.

Бүгүнкү отурумда Иманалиевдин талапкерлиги бир добуштан колдоо тапты. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG