Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:02

Кулубаев БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинде сөз сүйлөдү


Жээнбек Кулубаев.
Жээнбек Кулубаев.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинде сөз сүйлөдү.

Министр өлкө мындан туура 30 жыл мурун уюмга киргенин айтып, Кыргызстан БУУнун хартияларында, адам укуктары тууралуу жалпы декларацияда бекитилген принциптерди сактап келатканын белгиледи. Кулубаевдин айтымында, Адам укуктары боюнча кеңешке буга чейин эки жолу мүчө болгон Кыргызстан маанилүү уюмдун ишине салым кошууну улантып, мыйзам үстөмдүгү, жарандардын эркиндиктери жаатындагы милдеттенмелерин аткара бермекчи.

Өлкөнүн адам укуктары чөйрөсүндөгү жетишкендиктер катары башкы дипломат башкаруунун күчтүү демократиялык формасын түптөө уланып, сот системасынын, күч түзүмдөрүнун реформалары ишке ашып жатканын, мыйзам үстөмдүгүн күчөтүү аракеттери жүргөнүн жана башкаларды атады.

Кулубаев пандемиянын жана геосаясий өзгөрүүлөрдүн фонунда өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн тышкы карыздары аларды адам укуктары жаатындагы аракеттерин тушап жатканын айтып, президент Садыр Жапаров Кыргызстанга карыз берген эл аралык каржы институттарына кайрылып, тышкы карызды төлөөнүн ордуна биргелешип "жашыл" долбоорлорду ишке ашырууну сунуштаганын эске салды.

28-февралда АКШнын Мамлекеттик департаменти мамлекеттик катчы Энтони Блинкендин Кулубаев менен Астанадагы жолугушуугусунда адам укуктарын, фундаменталдык эркиндиктерди, анын ичинде тынч жыйындарга чогулуу эркиндигин жана басма сөз эркиндигин, бейөкмөт уюмдар менен жарандык коомдун ишмердигин коргоо керектигин баса белгилегенин билдирген.

Буга чейин АКШнын Мамлекеттик департаменти кыргыз өкмөтүнүн "Азаттык Медианын" сайтын бөгөттөгөн чечимин айыптап, бул демократиялык аралча аталган мамлекеттин аброюна көлөкө түшүрөрүн эскерткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG