Грекиянын темир жол тармагында иштегендер ондогон адамдын өмүрү кыйылган кырсыктан кийин коопсуздукту талап кылып, бир күндүк иш таштоого чыгышты.
Темир жолчулардын кесиптик кошуундарынын мүчөлөрү тармактын коопсуздук системаларын жаңылаш керектиги өкмөткө бир нече ирет эскертилгенин айтышты.
Би-Би-Си кабарлагандай, Грекиянын бир катар шаарларында нааразылык акциялары өттү. Афинада грек темир жолдорун тейлеген Hellenic Train компаниясынын баш кеңсесинде демонстранттар полиция менен кагылышты. Нааразылык акциялары эки күн мурда поезддер авария болгон жерге жакын Салоники жана Лариса шаарларында да өттү.
1-мартта жүргүнчү жана жүк ташуучу поезддер кагылышканда каза болгондордун саны 60ка жакындаганы бейшембиде кабарланган. Алардын көбү студенттер болгон.
Грекияда үч күндүк аза күтүү жарыяланды. Транспорт министри отставкага кетти. Премьер-министр Кириакос Мицотакис каргашалуу окуяга адам фактору себеп болушу мүмкүн экенин айтып, күнөөлүүлөр жоопко тартыларын билдирген.