Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:54

24.kg маалымат агенттигинин кызматкери УКМКда суракта болду


24.kg маалымат агенттигинин жооптуу редактору Анастасия Мокренко 2-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкек шаардык башкармалыгында суракта болду. Бул маалыматты «Азаттыкка» агенттиктин журналисттери тастыкташты.

Алардын айтымында, сурак быйыл январь айынын соңунда RedCentre соода борборуна бомба коюлганы тууралуу маалыматка байланыштуу болгон. Редакцияга УКМК кызматкери барып, редакторду ал суракка юристтин коштоосунда барары айтылганына карабастан алып кеткен. Мокренко күбө катары суралганы, себеби жардыруучу зат тууралуу катты алгач ал көргөнү маалымдалды.

Окуя 31-январда болгон. Бомба тууралуу маалымат чыкканда соода борборунун ичиндегилердин баары эвакуацияланган, ал жакта кинолог адистер иштеп, бомба жок экенин аныкташкан.

Кийин УКМК бомба тууралуу жалган маалымат жөнөткөн адам табылганын, ал мурда өзгөчө оор кылмыш үчүн абакка отуруп чыккан киши экенин билдирген.

Бул 24.kg маалымат агенттигинин журналисттерин күч органдарына суракка чакырган биринчи окуя эмес. 6-февралда башкы директору Асель Оторбаева УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына күбө катары чакырылган, бирок сурак кайсы макалага байланыштуу болгону маалымдалган эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG