Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:13

Кемпир-Абад иши: Асия Сасыкбаеванын ден соолугу начарлаганы кабарланды


Асия Сасыкбаева.
Асия Сасыкбаева.

Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камакта отурган мурдагы депутат Асия Сасыкбаеванын ден соолугу начарлап жатканын бүгүн 9-мартта “Азаттык” радиосуна анын адвокаты Рабига Сыдыкова билдирди.

Жактоочунун айтымында, Сасыкбаеванын өнөкөт оорулары козголуп, муундары ооруп, кан басымы жогорулоодо, ал эми абактагы дарыгерлердин дарылоосу натыйжа бербей жатат.

«Асия Айтбаевна кармалып отурган шарт анын ден соолугуна терс таасирин тийгизүүдө. Өнөкөт оорулары козголуп, жөтөлү кетпей жатат. Абактын дарыгерлери аны ооруканага жаткырууга чукул зарылчылык жок экенин айтып жатышат. Ал дубалдарын көк басып кеткен камерада кармалууда», - дейт Сыдыкова.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан (ЖАМК) «Азаттыкка» билдиришкендей, Сасыкбаеваны клиникалардын бирине алып барып текшертүү уюштурса болот.

«Биздин өз дарыгерлерибиз бар. Алар иштеп жатышат. Эгер алардын иши канааттандырбаса, биз аны конвойдун коштоосунда медициналык текшерүүгө алып барып келе алабыз», - дешти мекеменин маалымат кызматынан.

Февраль айынын ортосунда Асия Сасыкбаева «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып ага каршы кылмыш иши козголгонун, бирок эмне иш экенин так биле албай жатканын, тергөөчү менен жолуга электигин айткан.

71 жаштагы Асия Сасыкбаева Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты, вице-спикери болгон. Былтыр октябрда ал “Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетине” мүчө болуп, көп өтпөй камакка алынган. Аны менен кошо Бишкектин тергөө абагына (СИЗО-1) кармалган жыйырмадан ашуун саясатчыны, активистти жана укук коргоочуну бийлик башаламандык уюштурууга камынган деп айыптоодо. Камактагылар өзүлөрү муну бийликти сындаганы үчүн саясий куугунтук деп атап келишет.

Бир катар активдүү жарандар жана эл аралык уюмдар бийликтен эч болбогондо аялдарды үй камагына чыгарууга чакырып, алардын айрымдары улгайган жашка келип калгандыктан абактагы шарт ден соолугуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенин эскертишкен.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга негизсиз өтүп кетиши ыктымал деген кооптонуусун айтып чыккандар боюнча президент Садыр Жапаров ортодогу талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген. "Кабар" агенттигине курган маегинде Жапаров аталган иш боюнча камалгандарды “Төңкөрүш кылууга башка шылтоо таба албай, Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылабыз дешкен" деп айткан.

XS
SM
MD
LG