Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:14

8-марттагы жүрүштө кармалган кишинин иши сотко өттү


"Аялдар укугу үчүн" маршы. 2023-жылдын 8-марты.
"Аялдар укугу үчүн" маршы. 2023-жылдын 8-марты.

Бишкекте 8-мартта аялдар тилектештиги маршы болуп жатканда кармалган кишиге милиция протокол түзгөнүн “Азаттыкка” Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Мекеменин маалыматына караганда, ал “милиция кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийген жок” деп айыпталууда.

Кармалып, кайра кое берилген эркек киши боюнча чогултулган материалдар чечим кабыл алуу үчүн Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлгөнү маалымдалды, бирок ага протокол түзүүгө эмне негиз болгону айтылган жок.

8-мартта уюштурулган “Аялдар укугу үчүн” тилектештик жүрүшүнө болжол менен беш жүздөй адам катышкан. Спорт ордосунан баштап Уркуя Салиеванын эстелигине чейин эки чакырымдай жолду жөө басып өткөн жүрүштүн катышуучулары кыздардын, аялдардын бардык укуктарын сактоо, аларды зордук-зомбулуктан коргоо жана гендердик теңчиликти камсыз кылуу талаптарын коюшкан.

Акциянын айрым катышуучулары демонстранттардын бирин кармап кетип жатышканына күбө болгонун маалымдашкан.

Kloop.kg басылмасы "Милиция кызматкерлери украин тилинде жазылган жана ЛГБТ символикасы тартылган плакат көтөргөндөргө тандап барып жатышат", - деп жазып жарыялаган видеодон кармалган киши түстүү беткап тагынып жүргөнүн, милиция формасын кийген жана жөнөкөй кийимчен бир нече киши анын беткабын сыйрып, жетелеп кетип жатканын көрүүгө болот.

XS
SM
MD
LG