Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:55

CNN: Орусия менен Кытайдын коргонуу ишканалары кызматташуусун улантууда


Орусиянын Ми-171 тик учагы. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусиянын Ми-171 тик учагы. Иллюстрациялык сүрөт.

Украинадагы согуш башталгандан бери Кытайдын коргонуу тармагындагы ишканалары Орусиянын санкцияга кабылган коргонуу өндүрүштүк компаниялары менен кызматташуусун улантып келишкен. Бул тууралуу бажыдагы маалыматтарды изилдеген CNN телеканалы кабарлады.

Андагы маалыматтарга караганда, Бээжиндеги Poly Technologies компаниясы 2022-жылдын ноябрына чейин Орусияга көп жабдууларды жөнөтүп турган. Анын ичинде тик учактарга жана радио аппараттарга тетиктер жеткирилип келген.

Мындан сырткары Улан-Удэ авиациялык заводу Poly Technologies товар жеткирип келсе, Орусиянын Ми-171 жана Ми-171 тик учактарына да көп тетиктер келгени аныкталган.

19-февралда АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Кытай Орусияга кыйраткыч эмес аскердик жардамын улантып жатканын, жакындан тартып курал-жарактарды жеткирүүнү караштыра баштаганын айтып чыккан. Ал Бээжин Москвага курал жеткире баштаса, анын кесепети оор болорун эскерткен.

Мындан кийин CNN, Der Spiegel жана Wall Street Journal басылмалары өз булактарына таянуу менен Кытай Орусияга учкучсуз учактарды, курал-жарактарды берүүнүн үстүндө иштеп жатканын жазып чыгышкан.

Орусия менен Украинанын ортосундагы урушта Кытай мурдатан бейтарап позицияны карманарын жана согуш талаасына курал сатпай турганын билдирип келет.

Орусиянын аскерлеринин Украинага басып киргенине бир жылдан ашты. Бул аралыкта экип тараптан тең миңдеген аскерлер өлдү. Мурдараак БУУ Орусия кол салгандан бери Украинада каза тапкан карапайым кишилердин саны 8 миңден ашканын маалымдаган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG