Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:38

Нарында ишкерлер президентке ККМ боюнча даттанышты


Президент Садыр Жапаровдун Нарын шаарынын тургундары менен жолугушуусу. 11-март, 2022-жыл.
Президент Садыр Жапаровдун Нарын шаарынын тургундары менен жолугушуусу. 11-март, 2022-жыл.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-мартта, Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу мамлекет башчынын сайты кабарлады.

Жапаров облустук администрациянын имаратында өткөн жумушчу жыйын аяктагандан кийин Мамлекет башчы ал жакта чогулган адамдар менен жолугуп, баарлашты. Жергиликтүү тургундар көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) киргизүүнү, жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пулдун көбөйүшүн, шаардын жана облустун инфраструктуралык көйгөйлөрүн, ошондой эле жеке маселелерди көтөрүштү.

Садыр Жапаров чогулгандарга салык жол-жоболорун фискалдаштыруу биринчи кезекте ачык-айкындуулукту жогорулатуу жана республикалык бюджетке салык жыйымдарын көбөйтүү максатында жүргүзүлүп жатканын, бул жаңы жолдорду, социалдык объектилерди курууга, эмгек акыны, пенсия жана жөлөкпулдун суммасын көбөйтүүгө мүмкүндүк берерин түшүндүрдү.

Нарындагы жарандык активист Гүлмира Кыштообаева “Азаттыкка” билдиргендей, облустук администрациянын алдында болгон жолугушууга шаардын 200дөй тургуну барган. Анын айтымында, “президент кандай болгон күндө да ККМ күчүндө каларын жана жоюлбай тургандыгын” айтты.

Президенттин администрациясы Садыр Жапаров 11-мартта Нарынга атайын иш сапары менен барганын билдирген. Анда өлкө башчысы жаңы салынып жаткан “Нарын” аэропортунун курулушу менен таанышып чыкты.

Кыргызстандын бийлиги соңку бир-эки жылдан бери өлкөдө товар саткан ишкерлердин баарын көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) колдонууга милдеттендирип жатат. Ага кошумча товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү (ЭТТН) да киргизилди. Буга байланыштуу Бишкек жана аймактарда бир нече жолу нааразылык акциялары өттү. (MiK\ErN)

XS
SM
MD
LG