Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:05

Кемпир-Абад иши: Камактагы активисттин жубайынын иши токтотулду


Толгонай Солтонова жана анын адвокаты Бакытбек Автандил уулу. 13-март, 2023-жыл.
Толгонай Солтонова жана анын адвокаты Бакытбек Автандил уулу. 13-март, 2023-жыл.

13-мартта Бишкек шаардык соту Ички иштер министрлигинин (ИИМ) алдына митингге чыкканы үчүн айыпка жыгылган Толгонай Солтонованын ишин токтотуп, Биринчи Май райондук сотунун буга чейинки чечимин жокко чыгарды.

Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камакта отургандарды колдоп, министрликтин алдына митингге чыккан Толгонай Солтонованы 24-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту айыптуу деп таап, үч миң сом айып пул салган. Солтонова райондук соттун чечимине каршы шаардык сотко арызданган.

Толгонай Солтонова Талас облусунун мурдагы башчысы, Кемпир-Абад иши боюнча камакта отурган активист Айбек Бузурманкуловдун жубайы.

10-январда Кемпир-Абад иши менен тергөө абагында жаткандардын жакындары, болжол менен жүздөй адам ИИМ алдына акцияга чыккан. Алар мыйзамдуулукту талап кылган ураандарды айтып турушкан. Алар Горький паркына баратканда жолдон отуз чактысын, арасында улгайган адамдарды Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына кармап кетип, кийин кое беришкен.

ИИМ бул аймакта митинг өткөрүүгө тыюу салынганын, кармоого алар плакаттарды, ар кандай чакырыктар жазылган кагаздарды көтөрүп, үн күчөткүч менен сүйлөгөнү себеп болгонун маалымдаган.

Былтыр 23-28-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпы 30га жакын адам жапырт кармалган. Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирген. Камалгандар мунун баарын саясий куугунтук деп атап келишет. Камалганга чейин алар Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы чыгып, “Кемпир-Абадды коргоо комитетин” түзүшкөн. (BTo)

XS
SM
MD
LG