Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:29

Түндүк Корея Жапон деңизин көздөй дагы бир ракета учурду


Тундүк кореялык ракета учуруу. Архивдик сүрөт
Тундүк кореялык ракета учуруу. Архивдик сүрөт

Түндүк Корея Жапон деңизи көздөй дагы бир ракета учурду. Мындай маалыматты түштүк кореялык аскерлер жана жапон премьери Фумио Кишидонун кеңсеси таратты.

Сеулдун маалыматына караганда, Түндүк Кореянын аймагынан чакан аралыктагы эки ракета учурулду. “Рёнхап” агенттиги ракеталар кулаганда зыян келтирилип же келтирилбегенин жазган жок.

Жапон NHK телеканалы Токио ракета учурууга тиешелүү маалымат чогултуп жатканын кабарлады. Ракеталар 620 километрге учканы эле маалым.

Пхеньян сыноону Түштүк Корея менен АКШнын аскердик машыгуусу башталгандын эртеси жүргүздү. Буга чейин 12-мартта Жапон деңизиндеги суу астында сүзүүчү кемеде жайгашкан стратегиялык эки канаттуу ракета учурулган. Жыл башынан бери Түндүк Корея ушул өңдүү алты сыноо өткөрдү.

Былтыр ал өлкө 37 жолу 70 чакты ракета учурган, көбү Жапония менен Түштүк Корея тарапка багытталган.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциялары Пхеньянга баллистикалык ракеталарды жана өзөктүк куралды жасоого тыюу салат. Бирок өлкө жетечилиги курал чыгаруу Вашингтондун жана анын шериктеринин “кас саясатына” туруштук берүү үчүн зарыл деп келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG