Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:35

Шаардык сот Жеңиш Разаковдун бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырды


Жеңиш Разаков.
Жеңиш Разаков.

15-мартта Бишкек шаардык соту мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун бөгөт чарасына байланыштуу адвокаттын апелляциялык арызын карап, райондук соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырды.

Бул тууралуу адвокат Айбек Өмүров "Азаттык" радиосуна билдирди. Буга чейин Биринчи Май райондук соту Разаковдун абактагы мөөнөтүн 24-апрелге чейин узарткан.

Соттун чечимине ылайык, Разаков №1 тергөө абагында кармалууда.

Ички иштер министрлиги мурдагы вице-премьерди 24-январда кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү (“Алдамчылык”) жана 337-беренесинин 4-бөлүгү (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) менен айыбы угузулганын кабарлаган.

Ал өзүнө козголгон кылмыш иштери тууралуу бөгөт чарасы каралган учурда (26-январда) комментарий берген эмес. Парламенттин мурдагы депутаты Арзыбек Буркановдун арызынын негизинде кармалганын "Азаттыкка" ырастаган.

ИИМдин маалыматына караганда, экс-депутат Арзыбек Бурканов былтыр сентябрда Разаковго чара көрүү өтүнүчү менен арыз жазган.

Арызда Разаков 2017-жылдын ноябрь, декабрь айларында кызмат абалынан пайдалануу менен анын ишенимине кирип, ишкердик ишмердүүлүк жүргүзөбүз деп 1 млн. доллар алып бербей койгонун көрсөткөн.

Жеңиш Разаков 2012-2016-жылдары Баткендин губернатору, андан кийин өкмөттө вице-премьер-министр кызматын аркалаган.

2017-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы, 2018-жылы президенттин кеңешчиси, 2018-2020-жылдары вице-премьер-министр болуп иштеген. 2020-жылы февралда үй-бүлөлүк шартка байланыштуу деген жүйө менен кызматтан кеткенин жарыялаган. (KE)

XS
SM
MD
LG