Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:44

Салык кызматы: ЭТТК менен иштей баштаган ишкерлер 59 миңден ашты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда Салык кызматынын маалымат системасына катталып, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз (ЭТТК) колдонуп иштей баштаган ишкерлер 59 миңден ашты. Бул тууралуу бүгүн 15-мартта мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, алардын 42 миңи былтыр май айында ачылган бул системага быйыл жыл башынан бери катталгандар.

Ал эми активдүү иштеп жаткан виртуалдык кампалар 70 миңге жетти. Күн сайын ишкерлерге 43 миңдей ЭТТК жазылып берилүүдө жана 500дөй активдүү кампа ачылууда.

Быйылкы жылдан тартып Кыргызстанда соода-сатык менен алектенген ишкерлердин товарында товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук (ЭТТН) түрү болушу шарт. Ал үчүн соодагер Салык кызматынын маалымат системасынан “жеке кабинет” ачып, ар бир коштомо кагазын электрондук түрдө тиркеп турушу керек. Ансыз товарын алып өтө албайт.

Салык боюнча жаңы эрежелер ишкерлерди кыйнап жатканы, салык мекемеси өзү даяр эместиги буга чейин парламентте да айтылып, ишкерлердин нааразылык акциялары да өткөн. Өкмөт “…көп ишкерлер 1-2 миң сомго патент сатып алып коюп, 30-40 миллион сомго товар сатып, өкмөттү алдап келишкен” деген жүйө келтирген. (RK)

XS
SM
MD
LG