Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:24

“40 райондон 40 демилге” долбоорунун айрым жеңүүчүлөрү сертификат алды


"40 райондон 40 демилгенин" сегиз жеңүүчүсүнө сертификат тапшырууга өкмөт башчынын орун басары Эдил Байсалов катышты.
"40 райондон 40 демилгенин" сегиз жеңүүчүсүнө сертификат тапшырууга өкмөт башчынын орун басары Эдил Байсалов катышты.

Өкмөт менен Кыргызпатенттин (Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги) инновациялык демилгелерди тандоо боюнча “40 райондон 40 демилге” долбоору алкагында мыкты деп табылган сегиз жеңүүчүгө сертификаттар бүгүн 15-мартта тапшырылды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жетишүү үчүн экономиканы, илимди жана техниканы өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча инновацияларды колдоо долбоору былтыр август айында жарыяланган.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, тандоого жалпысынан өндүрүш, кайра иштетүү, өнөр жай, тейлөө, айыл чарба, сатуу, билим берүү жана маалыматтык технологиялар багыты боюнча 98 өтүнмө түшкөн.

Жеңүүчү деп тандалып алынган ар бир инновациялык демилгени ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен 1 миллион сомго чейинки каражат бөлүнүп берилет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG