Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:58

Садыр Жапаров Түркиянын президенти Эрдоган менен жолугушту


Садыр Жапаров менен Режеп Тайып Эрдоган.
Садыр Жапаров менен Режеп Тайып Эрдоган.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 15-мартта Анкара шаарында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту.

Жапаров Түркияда болгон жер титирөөлөрдүн кесепетинен көптөгөн адамдар курман болгондугуна байланыштуу дагы бир жолу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Расмий маалыматка караганда, өлкө лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсүн талкуулап, саясий, соода-экономикалык жана башка тармактарда байланыштарды чыңдоого өзгөчө көңүл бурушту.

Эрдоган ушул жылдын февралында Түркияда болгон жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга көрсөткөн жардамы үчүн кыргыз бийлигине ыраазычылык билдирип, "түрк эли үчүн бир тууган кыргыз элинен мындай колдоо күч-кубат бергенин" кошумчалаган. Ал Түрк инвестициялык фондун түзүүнү жана анын Бишкекте аймактык өкүлчүлүгүн ачууну колдой турганын белгиледи.

Расмий маалыматка караганда, Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы товар жүгүртүү 26 пайызга өскөн. Муну 2 млрд. долларга жеткирүү пландалууда.

Президент Жапаров кыргыз эли боордош Түркияны колдоого дайым даяр экенин белгиледи жана ушул жылдын 14-майына белгиленген президенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүүнү каалады.

Мамлекет башчы Экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын жакынкы аралыкта өткөрүүнү сунуштады.

"Эки тараптуу стратегиялык кызматташтыкты мындан ары чыңдоо, эки өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө, стабилдүүлүгүнө жана гүлдөп-өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү максатында дүйнөлүк аренада диалогго жана кызматташууга умтула тургандыгын ырасташты", - деп айтылат маалыматта.

Президент Садыр Жапаров Түрк мамлекеттери уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын кезексиз саммитине катышуу үчүн Анкарага 15-мартта барган. ТМУ саммити бул жолу “Кырсыктарды башкаруу жана гуманитардык жардам” темасына арналууда.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG