Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Инфантино ФИФАны дагы төрт жыл жетектейт


Жанни Инфантино
Жанни Инфантино

Жанни Инфантино Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) башчылыгына кайрадан шайланды. Руанданын башкалаасы Кигалиде өткөн конгрессте ал жогорку кызматка ат салышкан жападан-жалгыз талапкер болду. Добуш берүүнүн ордуна анын талапкерлиги жактырылды. Эми футболдук функционер бул кызматты 2027-жылга чейин аркалайт.

Швейцариялык юрист Инфантино биринчи жолу 2016-жылы төрага болуп, 2019-жылы кайра шайланган.

211 федерациянын башын бириктирген уюмдун жылдык каржылоосу 2016-жылдан бери 250 миңден 2 миллион долларга жетти.

Финансылык ийгиликтерге карабай төраганын айланасында талаш-тартыш жараткан маселелер да жок эмес. Мисалы Катардагы стадиондорду курууда адам укуктарынын бузулушун сындагандарды ал “эки жүздүүлүк” үчүн айыптап, нааразылыкка жем таштаган.

Инфантиного чейин ФИФАны Йозеф Блаттер жетектеп келген. 2015-жылы кызматынан четтетилип, Швейцария прокуратурасы кылмыш иш козгогондон кийин анын футболго аралашуусуна тыюу салынган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG