Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:25

Ленин райондук сотунда "Азаттыктын" ишмердүүлүгү боюнча иш каралууда


Ленин райондук соту. 2023-жылдын 17-марты. Адвокат Тимур Султанов өтүнүч келтирүүдө.
Ленин райондук соту. 2023-жылдын 17-марты. Адвокат Тимур Султанов өтүнүч келтирүүдө.

Бүгүн 17-мартта Бишкектин Ленин райондук сотунда Маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигининин "Азаттык Медиа" мекемесинин ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча доо арызы каралууда.

"Азаттыктын" жактоочусу Тимур Султанов сот жүрүшүн видео-фотого тартууга уруксат сурады. Министрликтин өкүлү буга каршы чыкты.

Судья өтүнүчтү жарым-жартылай гана канааттандырып, 10 мүнөт тартууга уруксат берди. Жактоочу өтүнүчүн кайталап келтирди жана уруксат алмайынча уланта берерин белгиледи.

Жактоочулар бул коомчулукта кызыгуу жараткан сот иши экенин белгилеп, 10 мүнөттө эч нерсе тартууга болбой турганын жүйө кылышты. Натыйжада 20 мүнөт тартууга уруксат берилди.

Министрлик “Азаттыктын” ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен сотко арызданганы быйыл 23-январда маалым болгон.

Министрлик доо арызда эл аралык компаниянын “Настоящее время” телеканалы жарыялаган кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу видеоматериал веб-сайтынан өчүрүлө электигин жана ал социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатканын белгилеген. “Азаттык Медиа” мекемеси “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамдын 23-беренесинин “согушту, зомбулукту жана ырайымсыздыкты, улуттук, диний обочолонууну жана башка элдерди жана улуттарды жек көрүүнү насааттоого тыюу салынат” деген пунктун бузуп жатканын көрсөткөн.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай буга чейин “Настоящее время” телеканалы боюнча коюлган айыпты четке кагып, “Азаттык” “Кыргыз өкмөтү кандай кадамга барса да бизге ишенген аудиторияга кызмат кылууну улантабыз” деп комментарий берген.

Ушул тапта “Азаттыктын” сайты жана банк эсептери боюнча бир нече сот иштери уланып жатат. “Азаттык Медиа” мекемесинин банк эсептери жана сайтынын бөгөттөлүшүн бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап келет. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG