Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:28

Бажы кызматынын алты кызматкери "жашыруун транзиттөөгө" шек саналууда


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Бажы кызматынын алты жооптуу кызматкери жеке компаниянын үч өкүлү кармалганын кабарлады.

Расмий маалыматка караганда, алар Кытайдан эл керектөөчү товарларды системалуу түрдө мыйзамсыз ташып келүү боюнча туруктуу каналды уюштуруп, коррупциялык схеманы түзүүгө шек саналууда.

"Айрым компаниялар мамлекеттик бажы кызматынын кызмат адамдарынын колдоосун пайдаланып, Кытайдан Кыргызстан аркылуу Өзбекстанга транзиттик жүктөрдү жиберип турган. Бирок товарлар Кыргызстандын аймагына бажылык тариздөөсүз түшүрүлүп, жасалма бажы декларациясы жана бажы идентификациялоо каражаттары менен пломбаланган бош жүк ташуучу автоунаалар Өзбекстанга кирип турган", - деп айтылат маалыматта.

Козголгон кылмыш иштин алкагында 16-17-мартта кармалган шектүүлөр УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, бул иште келтирилген зыян 1 млрд. сомго жакын болушу мүмкүн. Атайын кызмат кармалган мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери менен жеке компаниялардын өкүлдөрүнүн арасында жогорку кызматтагы адамдардын жакындары бар экенин кошумчалаган.

Учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар бардык адамдарды, келтирилген зыяндын так көлөмүн аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары уланууда.

Бул кылмыш иши УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин көзөмөлүндө жүргүзүлүп жатканы белгиленген.

Бажы кызматы 2022-жылы бажы төлөмдөрүн чогултуу боюнча коюлган план 100,8% аткарылганын же 74,3 млрд. сом каражат чогулганын жарыялаган. Бажы жетекчилигинин жыл башындагы маалыматына ылайык, мекеме экспорт-импорт ишин көзөмөлдөөдөн тейлөө форматына өтүп, бажылык тариздөө ишинде коррупциялык көрүнүш толук жоюлган.

Эл аралык республикалык институттун (IRI) 2020-жылдагы сурамжылоосу Мамлекеттик бажы кызматы коррупциялык органдардын катарында экенин көрсөткөн. Өлкө аймактарындагы сурамжылоого катышкан 1,5 миңдей кишинин жарымы бажыны коррупциялашкан тармак катары сыпатташкан.

Коррупциялык схемалар боюнча жаңжал 2018-жылдан тарта коомчулук назарында болгон. Бул темадагы журналисттик иликтөөнү «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP) жана «Клооп» порталы жарыялаган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG